Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Өкмөт Зергердеги жер көчкү боюнча парламентте маалымат берүүдө


Аюу-Сай айылындагы көчкү баскан жер. Топурак алдында калгандары издөө уланууда.
Аюу-Сай айылындагы көчкү баскан жер. Топурак алдында калгандары издөө уланууда.

Кыргызстандын аймагында жер көчкү коркунучу бар, кооптуу делген 4500дөй аймак бар. Ал аймакта жашаган 3600дөн ашуун үй-бүлөгө көчүп кетүү боюнча эскертүү берилген. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутаттар кырсыкты алдын алуу, кооптуу жерде жашагандарга жер бөлүп берүү, аны трансформациялоо маселелерин тездетүүнү көтөрүп жатышат.

29-апрелде Өзгөн районунун Аюу-Сай кыштагында жер көчүп, жети үйдөгү 24 адам топурак астында калган. Алардын сегизинин сөөгү табылды. Издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Кыргызстанда соңку төрт ай ичиндеги жер көчкүлөр жети жылдык норманын деңгээлине жеткенин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG