Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

ЖК: Өзгөчө кырдаалдар боюнча жетекчилердин иши сынга алынды


Өзгөн районунун Аюу-Сай кыштагында жер көчүп, жети үйдөгү 24 адам топурак астында калган.
Өзгөн районунун Аюу-Сай кыштагында жер көчүп, жети үйдөгү 24 адам топурак астында калган.

Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган өкмөт өкүлдөрү Зергердеги жер көчкү, өлкөдөгү табийгый кырсыктар боюнча парламентте маалымат берүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкөн Аюу-Сай аймагы биринчи категориядагы кооптуу аймактардын катарында болгонун билдирди. Депутаттар кырсыктын алдын алып, тургундарды көчүрүү боюнча, жалпы илимий жактан мониторинг жүргүзүп, бак тигүү иштерин жасабаганын сынга алышууда. Эл өкүлдөрү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчи кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону, табийгый кырсыктарда чара көрбөгөн тишелүү кызматкерлерди иштен алууну сунуш кылышты. Эл өкүлү Жыргалбек Турускулов аткаминерлерди жоопкерчиликти сезүүгө чакырды.

- Адам өмүрү баарынан кымбат. Ушуну ар бир аткаминер сезе билсе. Аткаминерлер креслосун биринчи орунга коёт. Азыркы учурда чоң трагедияга кабылдык. Ош губернатору, Өзгөн акими кызматтарында отурганга моралдык укугу жок.

29-апрелде Өзгөн районунун Аюу-Сай кыштагында жер көчүп, жети үйдөгү 24 адам топурак астында калган. Алардын сегизинин сөөгү табылды. Издөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG