3-майдын кечинде миңден ашык адам Румыниянын башкалаасы Бухаресттеги өкмөттүк мекемелердин алдында нааразылык акциясына чыгышты. Алар депутаттардын коррупция менен кесилгендерге карата сунушталган мунапыс боюнча мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Демонстранттар Румыниянын, НАТОнун жана Евробиримдиктин тууларын көтөрүшүп, "Биз өлкөбүздү уурулардан сакташыбыз керек!" деп кыйкырып турушту.
Ошондой эле Румыниянын Константа, Клуж, Сибиу жана Брашов шаарларында да жүздөгөн кишилер аталган мыйзам долбоорго каршы акцияга чыгышты.
Бир күн мурда румын парламентинин юридикалык комитети кызматтан кыянатчылык менен пайдаланган, паракорчулук менен алектенген деген айып менен абакка кесилгендерге карата мунапысты караган мыйзам долбоорун жактырышкан. Бул комитет негизинен бийликтеги Социал-демократиялык партиясынын депутаттарынан турат. Анткен менен өкмөт башчы, социал-демократ Сорин Гриндяну бул сунушту колдобой турганын билдирди.
Румынияда жыл башында да Социал-демократиялык партия башкарган өкмөттүн коррупцияга карата мамилесине нааразылык билдирген 600 миңдей адам нааразылык акциясын уюштуруп, министрлер кабинетинин таркашын талап кылышкан.