Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:24

Кыргызстан БУУдагы мүчөлүк акысын толук төлөдү


Кыргызстан Бириккен улуттар уюмундагы мүчөлүк акысын толук төлөгөн жана мурунку карыздарынан кутулган 39 мамлекеттин тизмесине кирди. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 3-майда БУУда Башкы ассамблеянын бешинчи комитетинин жыйынында 39 мамлекетке ыраазычылык айтылды.

Кыргызстан менен катар мүчөлүк акысын толук төлөгөн өлкөлөрдүн катарында Австралия, Канада, Кытай, Дания, Финляндия, Германия, Индия, Италия, Жапония, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Сингапур, Испания, Швеция жана Швейцария бар.

БУУнун сайтындагы маалыматка таянсак, 2015-жылы Кыргызстандын 54 271 доллар мүчөлүк акы төлөнгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG