Бул тууралуу бүгүн Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков “Азаттык” үналгысына билдирди. Маалыматка караганда, учурда конверсия механизминин алкагында Германия менен 14,9 млн еврону эсептен чыгаруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрүүдө. Былтыр Германия 13,5 млн еврону кечкен. Мындан сырткары Кыргызстан 2015-жылы Кытайдан алган 60 млн июандын бир бөлүгүн төлөп берип, 10 млн июанды эсептен чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 28-апрелде Кыргызстандын 240 млн доллар өлчөмүндөгү карызын кечүү боюнча жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу маалымат Орусия өкмөтүнүн сайтына кечээ жарыяланды.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,75 млрд доллар. Анын негизги бөлүгүн тышкы карыз түзөт. Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карыз 3 млрд 764,98 млн доллар. (КЕ/ЕВМ)