Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Киевде Януковичтин иши боюнча сот процесси башталды


Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович.
Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович.

4-майда Украинанын башкалаасы Киевдин Оболонский райондук сотунда мурдагы президент Виктор Януковичтин иши боюнча сот башталды. Сотто экс-президентти анын эки адвокаты сыртынан жактап жатат.

2014-жылдын февраль айында Евромайданда бийликтен кулатылып, Орусияга кире качкан Янукович мамлекеттик чыккынчылыкка барган, Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана төбөлсүздүгүнө кол салган, Орусиянын агрессиясына көмөк көрсөткөн деген айыптар тагылууда.

14-мартта Украинанын аскер прокуратурасы Януковичке карата айыптоо актын сотко өткөргөн. Анын күнөөлөрүн далилдеген башкы факт катары экс-президенттин Орусиянын лидери Владимир Путинге жазган катынын фотокопиясы каралып жатат. Катта Янукович Путинден Украинанын аймагына орус аскерлерин киргизүүсүн суранган. Бул документти 2014-жылдын 4-мартында БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында уюмдагы Орусиянын мурдагы элчиси Виталий Чуркин көрсөткөн.

Янукович бийликтен кеткенден кийин Орусия Крым жарым аралын басып алып, Украинанын чыгышындагы жаңжалда орусиячыл козголоңчуларга колдоо көрсөтүп келет. Ал жакта үч жылдан бери уланып жаткан куралдуу урушта 9000 адам курман болду.

Киевде өтүп жаткан процестте судья Владислав Девьятко Януковичке сотко видеобайланыш аркылуу болсо да байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк берилиши керектигин айтып, ишти кароону 18-майга жылдырды. Эгер Виктор Януковичтин күнөөлөрү далилденсе, ал 15 жылга сыртынан эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG