Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин имаратындагы жардырууга тиешеси бар деп айыпталып жаткан адамдардын соту 17-майда уланат. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда күбөлөр көрсөтмө беришти.
Буга чейин терактка тиешеси бар деп, бирок кийин иши кыскарган “Адал Тур” фирмасынын кызматкери Мубарак Турганбаев бүгүн сотто көрсөтмө берип, элчилик алдындагы терактка тиешеси жоктугун, эки ай УКМКнын тергөө абагында көрсөтмө берип келгенин кошумчалады.
Турганбаев күбө катары көрсөтмө берүүдө.
Кийинки отурумда калган күбөлөр суралат. Ушул убакытка чейин сот отурумунда 23 күбө суралган.
Кытай элчилигинин имаратында теракт боюнча үч кишиге айып тагылган. Алар терактты уюштурууга каржылык көмөк көрсөттү деп күнөөлөнүүдө.
Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон. (SDz)