Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Шыкмаматовдун соту 15-майга белгиленди


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 15-майда баштала турган ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт.

Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык автоунааны тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан деген айып тагылып, Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча иш козголгон.

УКМК Алмамбет Шыкмаматовго жана "Ата Мекен" фракциясынын дагы бир депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иштери тергелип бүтүп, сотко өткөнүн ырастады.

Аида Саляновага Башкы прокуратура былтыр декабрь айында кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөө коюлган. Депутат 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталган. "Ата Мекен" партиясы өз мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап келет. (NT/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG