Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөргө кайтып келди


Казакстандын баш калаасы Астана.
Казакстандын баш калаасы Астана.

Сириянын оппозиция өкүлдөрүнөн турган делегация Астанада өтүп жаткан Сириядагы жаңжалды жөндөө боюнча сүйлөшүүлөргө кайтып келди. Бул тууралуу Орусиянын Интерфакс жана ТАСС агенттиктери жазышты. Маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат-катчысы Ануар Жайнаков да ырастаган.

Шаршембиде Астанада башталган жыйында оппозиция өкүлдөрү мындан аркы сүйлөшүүлөргө катышпастыгын айтып, бир катар талаптарды камтыган билдирүү таркатышкан.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, пленардык жыйын жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.00до башталды.

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүcү быйыл январда Орусия, Түркия жана Иран ортомчулугу менен башталган. Андан мурдараак ушул эле өлкөлөр кийлигишип, тараптар ок атышпоо макулдашуусуна жетишкен эле.

Бирок куралдуу оппозиция да, өкмөттүк күчтөр да тынчтык режимин сактабай жатат деп бири-бирин айыптап келет. Буга байланыштуу Сирия оппозициясы марттагы үчүнчү сүйлөшүүгө катышпай койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG