Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Сириядагы "коопсуздук тилкелери" боюнча меморандумга кол коюлду


БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стеффан де Мистура жана Орусиянын өкүлү Александр Лаврентьев.
БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стеффан де Мистура жана Орусиянын өкүлү Александр Лаврентьев.

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы жайкын тургундар үчүн коопсуз аймактарды түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Меморандумда Сириянын ар кайсы аймактарында төрт "коопсуздук тилкесин" түзүүгө чакырык жасалган.

Документке Тегерандын кол коюшуна каршы чыккан оппозиция өкүлдөрү сүйлөшүүдөн чыгып кетишти.

Оппозиция өкүлдөрү башынан эле Ирандын сүйлөшүүлөрүнө катышуусуна каршы болуп келишкен.

2011-жылдан бери басылбай келген Сириядагы согушта Иран менен Орусия президент Башар Асадды колдосо, ал эми АКШ менен Түркия өкмөттүк армияга каршы согушуп келген байистүү оппозиция күчтөрүн жактап келишет.

Сүйлөшүүлөргө Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG