Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Кыргызстандагы калктын 86% санарипке кошулду


Кыргызстандагы калктын 86% санарипке кошулду. Маданият, маалымат жана туризм министринин орунбасары Айнура Темирбекова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 1-майга карата 1 миллион 388 025 кожолукка санарип сигналы жетип жатат.

Телекөрсөтүүлөрдү сапаттуу жеткирүү үчүн өлкө боюнча 54 жерге ретранслятор орнотулду.

Быйыл 15-майда Кыргызстанда аналог телекөрсөтүү өчүрүлүп, өлкө толугу бойдон санарипке өтөрү пландалууда. Бирок сигнал жетип бара элек 326 айылда жабдуулар орнготулганча аналог телекөрсөтүү сакталып турат. Бул кыштактар ойдуң жерлерде, капчыгайларда жайгашкан. (SA)

XS
SM
MD
LG