Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Бишкекте согуштан кайтпаган жоокерлер эскерилет


Жеңиш аянты.
Жеңиш аянты.

Бүгүн, 5-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында Экинчи Дүйнөлүк согушка барып, дайынсыз кеткен кыргызстандыктар эскерилет. Бул тууралуу анын уюштуруучусу, "Эрдик-Подвиг" коомдук уюмунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов билдирди. Эскерүү Өчпөс оттун жанында саат 11де башталат.

Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363 миңден ашуун адам катышкан. Алардын 130 миңи курман болгон. Расмий эсепте 56 миң 24ү дайынсыз жоголгон. Анын 1395и аялдар.

Эки жылдан бери бул жаатта иштеп жаткан “Эрдик-Подвиг” уюму жоголгондордун 1 300дөн ашыгынын курман болгон жерин жана сөөгү коюлган жайын интернет аркылуу тапкан. (SA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG