Түштүк Кореяда бейшембиде 3,5 миңден ашуун шайлоо түйүнүндө президентти тандоо үчүн эрте добуш берүү башталды. Ал жума күнү да уланат. Маалынан мурда добуш берүүгө каалаган шайлоочу катыша алат. Бул эреже үч жыл мурда шайлоочулардын катышуусун көбөйтүү үчүн кабыл алынган деп Сеулдагы Улуттук шайлоо комиссиясы билдирди.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечими экс-президент Пак Кын Хэ импичмент аркылуу бийликтен кетип, камалгандан кийин кабыл алынган.
Түштүк Кореяда 9-майда өтчү президенттик шайлоодо 13 талапкер ат салышууда. Гэллаптын 3-майда жарыялаган сурамжылоосуна караганда, либерал демократ Лун Чжа 38% менен алдыда келатат. (MTo)