Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 24 жыл толду. Конституция күнүнө карата Юстиция министрлиги 28-апрелден тарта өлкө аймагында "Конституция боюнча жашайм" аттуу акция өткөрдү. Анын жүрүшүндө адистер жарандарга Баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктары жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат беришти.
Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Акыркы жолу өзгөртүү боюнча референдум былтыр 11-декабрда өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган.
5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.(SE)