Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:18

Тажикстанда эткел милиция кызматкерлери иштен алынды


Тажикстандын Ички иштер министрлиги аныктаган нормага ылайык, милиция кызматкеринин салмагы 75 кг ашпаш керек.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги аныктаган нормага ылайык, милиция кызматкеринин салмагы 75 кг ашпаш керек.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги ашыкча салмактагы он милиция кызматкерин иштен алганын билдирди. Дагы 100дөй тартип коргоочуга эскертүү жана арыктоо үчүн убакыт берилди.

Өткөн жылдын декабрь айында ички иштер министри Рамазон Рахимзода милиция кызматкерлеринен тиешелүү нормаларга ылайык арыктоону талап кылган.

Министрликтин маалымат катчысы Умаржон Эмомали "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, берилген убакыт ичинде ашыкча салмактан арылбаган тартип коргоочулары иштен алынды.

Январь айында ушундай эле жүйө менен Согди облустук ички иштер башкармалыгында үч кызматкер иштен алынган. Министрлик аныктаган нормага ылайык, 168-170 см бойлуу милиция кызматкеринин салмагы 75 кг ашпашы керек.

XS
SM
MD
LG