Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:02

Венесуэла: өкмөткө каршы митингдерде бир айда 35 адам каза болду


Венесуэлада президент Николас Мадуронун өкмөтүнө каршы нааразылык акцияларынын жүрүшүндө соңку бир ай ичинде 35 адам каза болду жана 700 киши жараат алды.

Бул тууралуу 4-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады. Көзөмөл органынын башчысы Луис Ортега Диас билдиргендей, набыт болгондор арасында өкмөткө каршы да, бийликчил да адамдар бар.

Алардын тең жарымы баш калаа Каракаста өлгөн. Каза тапкандардын экөө укук коргоо кызматкерлери, төртөө өспүрүм.

Демонстрациялар мартта башталган. Оппозиция өкүлдөрү маркум Уго Чавестин ордун баскан президент Николас Мадуронун өкмөтүнөн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү, камактагы активисттерди бошотууну, оппозицияга эркиндик берүүнү талап кылышууда.

Өкмөт болсо демонстранттарды төңкөрүш уюштургусу келет деп айыптайт.

XS
SM
MD
LG