Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев жолдогон куттуктоодо Кыргызстандын Баш мыйзамы постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция катары таанылганы айтылат.
"Бирок андан кийинки 20 жыл ичинде Баш мыйзам авторитардык - үй-бүлөлүк режимди чыңдоо максатында бир канча жолу оӊдолуп, натыйжада коом ичинде Конституциянын кадырын кетирген.
2010-жылы Апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Андан берки өлкөбүздөгү орошон өзгөрүүлөр, мамлекетибиздин улам бекемделиши жарандардын Баш мыйзамга, мыйзамдуулукка ишениминин кайтарып, Конституцияга, өлкө эгемендигине, мамлекетибизге сый-урмат мамилени жаратты.
Мындан ары тыштан таӊулоолорго жол жабылды – ким менен мамиле күтпөйлү, Кыргызстандын кызыкчылыктары биринчи орунда болот", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Акыркы жолу өзгөртүү боюнча референдум былтыр 11-декабрда өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган.
5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.(SE)