Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 4-майда болгон жол кырсыгынын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди.
Кырсык Пенза облусунун Нижнемоловский районунда "Урал" трассасынын 545-чакырымында болгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан төрт адам жараат алып, ооруканага жеткирилген. Арасында кыргызстандык жаран да бар.
Орусияда мигранттардын жол кырсыгына кабылган учурлары маал-маалы менен кайталанып турат. 15-январда Нижний Новгород – Саратов жолунда жеңил автоунаа менен жүк ташуучу машине кагышып, анын кесепетинен борбор азиялык жети мигрант каза тапкан, анын төртөө кыргызстандыктар болчу.
Facebook шеринеси