Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Конституция күнү согуштан кайтпаган жоокерлерге куран окулду


Экинчи Дүйнөлүк согушта дайынсыз кеткен кыргызстандыктарды эскерүү иш-чарасы "Эрдик-Подвиг" коомдук фондунун демилгеси мененБишкектин Жеңиш аянтында өтүп, анда маркумдарга багышталып куран окулду.

Согуш курмандыктарын эскергендер арасында дайынсыз кеткендердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү же жакындарын маркумдардын сөөгү калган жерлерге жиберүү демилгесин колдобой жатат деп, бийликти сындагандар болду.

"Эрдик-Подвиг" фонду 2010-жылдан бери жоокерлердин сөөгү жашырылган жерлерди Орусиянын Коргоо министрлиги жана “Мемориал” коомунун жардамы менен аныктап келет. Фонддун маалыматына караганда ушу кезге чейин кыргызстандык 1360 жоокердин дареги такталды. Маркумдардын бир тобунун бала-чака, тууган-уруктары жакынын сөөгү калган жерге барып келишкен. Айрымдары каражаттын тартыштыгынан бара албай жүргөнүн билдиришүүдө.​

Эскерүү иш-чарасына катышкан отуздан ашык кишинин катарында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Аида Салянова жана Наталья Никитенко да болушуп, Конституция күнүнө, фракция лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу ойлорун айтышты.

- Конституцияга улам өзгөрүү киргизилип атып, баркын кетиргенге багытталган аракеттер болду. Ар бир бийлик келген сайын ошону кылды. Көп мамлекеттерде Конституция күнү чоң майрам болсо, тилекке каршы бизде эмнеге ар бир бийлик келген сайын саясий соодалашуунун куралы болуп калат деп кейий турган нерсе бар, - деди депутат Салянова.

Иш-чараны уюштурган "Эрдик-Подвиг" коомдук фондун Каныбек Мырзаканов жетектейт.

(NT/RA)

XS
SM
MD
LG