АКШ Конгресси Орусиянын “таасирине жана агрессиясына” каршы чараларга 100 миллион доллар бөлөт. Муну караган мыйзам долбоору 4-майда жактырылды. Каражат Европа жана Евразия өлкөлөрүндө жарандык коомду колдоо үчүн бөлүнмөкчү.
Конгресстеги бюджеттик талкуулар учурунда демократтар да, республикачылар да жалган маалыматтардын жайылтылышы, саясий партиялардын четтен каржылануусу, ачык пропаганда жана жашыруун жүргүзүлгөн башка аракеттер Орусия өзү душманчыл деп санаган өкмөттөрдүн ишине кийлигишүү же аларды кулатуу боюнча агрессивдүү аракеттерге барып жатканын көргөзгөнүнө көңүл бурушту.
Мыйзамда көргөзүлгөндөй, 100 миллион доллар өзгөчө Европада жарандык коомдун демократиялык институттарды бекемдөө максатында мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо, медиа, кибер коопсуздук чөйрөсүндө иш алып барган топторуна Орусиянын “ таасирине жана агрессиясына” каршы туруу үчүн бөлүнмөкчү.
Бул акча Орусиянын өзүндө да Мамлекеттик департаменттин демократия жана мыйзам үстөмдүгү стратегиясына ылайык, демократиялык программаларды, анын ичинде интернет эркиндигин колдоо үчүн бөлүнмөкчү.
Конгрестин Эл өкүлдөр палатасы жана Сенат жактырган документ президент Дональд Трамп кол койгондон кийин күчүнө кирет.(UE)