Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

АКШ Аляскада Орусиянын эки аскерий учагын токтотту


Орусиянын ТУ-95 учагы. 2013-жылы тартылган сүрөт.
Орусиянын ТУ-95 учагы. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Түндүк Американын аба мейкиндигин коргоо командачылыгы билдиргендей, алар Алясканын жээгине жакын жерден Орусиянын бомба таштоочу эки ТУ- 95 учагын токтотушкан.

Ал эки учакты СУ-35 ок атуучу учактарынын экөө коштоп жүргөн.

Америкалык аскерий өкүлдөр билдиргендей, 2-май күнү окуя учурунда орус учактары Алясканын жээгинен 80 чакырымдай аралыкта жүргөн жана бул акыркы бир нече жыл ичинде бомба таштоочу учактарды ок атуучу учактар коштогон алгачкы учур.

Окуя АКШнын аба мейкиндигинен сыртта болгон, бирок АКШ армиясы чек арадан 320 чакырымдык зонада учактагылар өздөрү тууралуу маалымат беришин талап кылат.

Орусиянын төрт, анын ичинде өзөктүк бомба алып жүрүүгө жөндөмдүү эки учагынын жолун АКШнын эки F -22 учактары тосуп чыккан.

АКШ армиясынын капитаны Скотт Миллер Орусия учактары менен карым-катышты “профессионалдык” деп мүнөздөп, Аляскада мындай окуялар мурда да болгонун белгиледи.

Орусиянын коргоо министрлигинин айтымында, Тынч океандын Алеут аралдарындагы нейтралдык суулары үстүнөн алардын учуулары такай жасалып жүргөн иш жана аба мейкиндигинин эл аралык эрежелерине шайкеш келет. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG