Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:59

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Боз-Учук айылынын тургуну Орунбек Маданбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, дайынсыз кеткен малчылардын үчөө байланышка чыкты. Дагы бир топозчу менен байланышуу аракетинен майнап чыга элек. Ак-Суу районунун Эңилчек аймагындагы Боз-Учук менен Ак-Чий айылына караган Кайыңды кыштоосунда 19 малчынын төртөөнүн дайыны чыкпай жаткан эле.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 30-апрелге караган түнү Ак-Чий жана Боз-Учук айылдарындагы кыштоолордо бир метрге жеткен кар жааган. Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна кеткен жолдо кар күрткүлөрү пайда болгон.

Жолдун бир тарабы ачык, бирок машинелердин жүрүүсүнө, кыштоодогу малчыларга чөп жеткирүү кыйынчылык туудурууда. Калың кардан улам тоют түгөнүп, бир нече мал кырылган. Азыр жолду тазалоо иштери жүрүүдө. 3-майда ГАЗ-66 автоунаасы менен кыштоого чөп алып баратып, жол тайгактыгынан эки адам жол кырсыгына кабылган, алардын бири каза болгон.

Быйыл Кыргызстанда тоолуу аймактарда кар оор түшүп, көп түйшүк жаратты. Жаздын келиши менен жер көчкү, суу ташкын, сел коркунучу күч алды. (NT/AsM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG