Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Жалал-Абад курортунун кызматкерлери жаңы жетекчиге нааразы


Жалал-Абад санаториясы.
Жалал-Абад санаториясы.

Жалал-Абад курортунун кызматкерлери 4-майда жаңы дайындалган жетекчи Эркебай Маткеримовду иш бөлмөсүнө киргизбей коюшту. Алар аны кабыл албай тургандыктарын жана мурдагы директор кызматтан негизсиз бошотулду деген нааразылык билдиришти.

Эки тарап ортосунда ызы-чуунун арты мушташ менен коштолуп, эс алуу жайынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы сабалып, ооруканада жатат. Бейтапканадан анын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.
Ал эми Эркебай Маткеримов кызматка мыйзамдуу дайындалганын айтып, жамаатты өзүнө каршы мурдагы жетекчи тукуруп жатканын билдирди.

Курорттун мурдагы башчысы Максат Абышкаев 28-апрелде эмгек өргүүсүнө чыгып, 3-майда шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкандыгына байланыштуу убактылуу кызматтан бошотулган. Ошол эле күнү Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясынын чечими менен ал иштен алынып, ордуна Эркебай Маткеримов дайындалган.

Жалал-Абад курорту Кесиптик кошуундар федерациясына карайт. (RsK/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG