Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:19

Түркмөнстанда башкы прокурор кызматтан алынды


Бердымухаммедов Аксакалдар кеңешинде сүйлөөдө. 14-сентябрь, 2016-жыл.
Бердымухаммедов Аксакалдар кеңешинде сүйлөөдө. 14-сентябрь, 2016-жыл.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов башкы прокурорду “укук коргоо органдарынын офицерлери арасындагы коррупцияга каршы күрөшө албаганы үчүн бошотконун" айтты.

Бердумухаммедов башкы прокурор Аманмурат Халлыевди Коопсуздук кеңешинин 4-майдагы отурумунда кескин сынга алып, парламент аны кызматтан бошотуу чечимин ошол эле күнү колдоду.

Түркмөн президенти ошондой эле ички иштер министри Исгендер Муликовго дагы милиция кызматкерлери арасындагы коррупция үчүн сөгүш жарыялады.

Жогорку соттун төрагасы Бегенч Чарыевди прокуратурадан жана млициядан кызматтан алынгандардын ишин “кылдат иликтөөгө” чакырды.

Байкоочулар Гурбангулы Бердымухаммедовдун Түркмөнстанды башкаруу ыкмасы мурдагы автократ лидер, маркум Сапармурад Ниязовдун доорунан көп деле айырмаланбай турганын белгилешет. (UE)

XS
SM
MD
LG