Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Кыргызстанда согуштун 647 ардагери калды


Жеңиш аянты, Бишкек. 9-май, 2016-жыл.
Жеңиш аянты, Бишкек. 9-май, 2016-жыл.

Быйылкы жылдын 1-апрелине карата алынган маалымат боюнча өлкөдө согуштун 647 ардагери бар. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Рысбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, ардагерлер 9-майдын алдында өкмөттөн жыл сайын 15 миң сомдон алышат. Ушу тапта бул акча почта аркылуу ардагерлерге которулду:

- Мындан тышкары ардагерлер ай сайын 10 миң сом өлчөмүндө президенттик стипендия алып турушат, буга кошумча ай сайын жеңилдиктер ордуна 7 миң сомдон акчалай компенсация берилет. Быйыл президенттин буйругу менен 10 миң сомдон бир жолку материалдык жардам берилди. Алардын пенсиясы да бар.

Расмий маалымат боюнча, 1941-45-жылдарда майданга 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Быйыл 9-майда Советтер Союзунун Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 72 жылдыгы белгиленет. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG