Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы "Чаман" өткөрмө бекетиндеги кагылышууда эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн кеминде алты жоокери окко учту, дагы 24 киши жарадар болду.
Бүгүн таңында башталган атышуу үчүн эки тарап бири-бирин айыптоодо.
“Азаттыктын” Пакистан кызматынын аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда, атышуу ушул кезге чейин уланууда.
Пакистан армиясынын ырастоосунда, оболу Ооганстандын чек ара полициясы алардын эл каттоочуларды коштоп жүргөн аскерлерине карай ок чыгарышкан. Ал эми Ооганстандын Кандагар провинциясынын полиция башчысынын өкүлү чек арадагы атышуу үчүн Пакистан тарапты күнөөлөдү. Алардын пикиринде, Пакистан эл каттоону согушкерлердин Ооганстан аймагына кирип кетишине жардам берүү үчүн колдонуп жатат. (UE)