Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылат


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдө 6-майда туристтик мезгилдин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылыш азем быйыл эки күнгө созулуп, 6-7-майда Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт.

Иш чара "ITF-Ысык-Көл" жармаңкеси менен коштолуп, туристтик компаниялар, пансионаттар, эс алуучу жайлар өздөрүн тааныштырмакчы. Иш-чара жергиликтүү ырчы-чоорчулардын концерти менен аяктайт.

Жайкы туристтик мезгил былтыр да 7-майда ачылган. Облустук бийликтин маалыматы боюнча былтыр Ысык-Көлгө 750 миң турист келген.

Туризм департаменти билдиргендей, жалпысынан Кыргызстанга былтыр өлкөнү көргөнү, эс алганы келген туристтердин саны 3 млн. 800 миңден ашкан. (AsM/NT)

 

XS
SM
MD
LG