Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

Түндүк Корея ЦРУну айыптады


Ким Чен Ын аскерий парадда. 27-апрель, 2017-жыл.
Ким Чен Ын аскерий парадда. 27-апрель, 2017-жыл.

Түндүк Корея АКШнын Борбордук чалгын кызматын өлкө лидери Ким Чен Ынды өлтүрүү боюнча “кутумга” барганы үчүн айыптады.

Коопсуздук министрлигинин мамлекеттик медиа тараткан билдирүүсүндө “ЦРУ жана Сеулдун чалгын кызматы Пхеньяндагы коомдук иш-чаралар учурунда бул коммунисттик өлкөнүн лидерин белгисиз биохимиялык зат менен өлтүрүүнү” көздөгөнү айтылат.

Түндүк Кореянын билдирүүсүндө “ЦРУ жана Сеулдун чалгын кызматы Ким Чен Ынга кол салуу үчүн КНДРдин Ким ысымдуу жаранын идеологиялык жактан бузуп, сатып алышканы" да белгиленген.

Пхеньян ага катар «кутумду согуш жарыялагандыкка барабар” деп мүнөздөп, “АКШ менен анын кол баласы - Түштүк Кореянын акыркы террорчусун да жок кылууга” жөндөмдүү экенин көргөзгөн.

Бирок билдирүүдө “кутум” кантип алдын алынганы, тыңчы делген адам эмне болгону айтылган эмес.

Түндүк Кореядан жогорудагыдай риторика анын өзөктүк жана ракеталык сыноолорунан улам Корей жарым аралындагы, Вашингтон -Пхеньян мамилесиндеги чыңалуу күчөгөн учурда чыгууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон эки күн мурда Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан баш тартууга мажбурлоо чараларынын алкагында ага каршы жаңы санкциялар даярдалып жатканын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG