Ушул күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык мушкер Нурлан Кобашев коло медалын тагынат. Кобашевге медал 7-май күнү тапшырылат.
64 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Кобашев бүгүн болгон жарым финалда монголиялык Чинзориг Баатарсух менен беттешти. Үч мүнөттөн үч раундга созулган күч сынашуунун жыйынтыгында мелдеш калыстары 5:0 эсебинде монгол мушкерине жеңишти ыйгарышты.
Таймаштын жүрүшүн Өзбекстандын Sport телеканалы түз эфирде көрсөттү. Жарым финалда жеңишке ээ болуу менен монгол мушкери финалдык беттешке чыкса, кыргыз мушкерине коло байге ыйгарылат. Ошондой эле дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алат.
Кобашев жарым финалдык таймашка чейин алгач 1/8 финалда жапониялык Хикару Окишиманы, чейрек финалда кытайлык Ганг Вангды утуп алган.
30-апрелде башталган бокс боюнча Азия чемпиондугу 7-майда аяктайт. Ага Азиянын бокс конфедерациясына мүчө болгон 29 мамлекеттен 200гө жакын спортчу катышууда. Мушкерлер он комплект медал үчүн таймашууда. Андан тышкары, ушул жылдын 23-август-4-сентябрь күндөрү Германиянын Гамбург шаарында өтө турган дүйнө чемпиондугуна ар бир салмак категориясында алтыдан жолдомо (жалпы 60) берилет.
Кыргызстандан бул мелдешке тогуз боксчу аттанган. Алардын арасынан Нурлан Кобашев гана жарым финалдык таймашка чыга алды. (ECh)