Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Кабулда жүздөгөн оогандар Хекметиярга каршы чыгышты


Гүлбеддин Хекметиярды (ортодо солдон үчүнчү) Кабулда тосуп алуу салтанаты. 4-май, 2017-жыл.
Гүлбеддин Хекметиярды (ортодо солдон үчүнчү) Кабулда тосуп алуу салтанаты. 4-май, 2017-жыл.

Борбордогу нааразылык акциясы ооган согушкерлеринин чуулгандуу лидери Гүлбеддин Хекметияр Кабулга кайтып келгенинин урматына өткөн ири демонстрациядан кийин болду.

Хекметиярдын Кабулдагы стадионго чогулган миңдеген жактоочулары “Жашасын ислам!”, “Жараткан улук”, “Аллах акбар” деп кыйкырып жатышты.

“Хезби-и Ислами” тобунун колбашчысы Кабулга ооган өкмөтү менен түзгөн тынчтык келишимдин натыйжасында кайтып келди.

Ал эми анын Кабулга келишине нааразы болгон жүздөгөн оогандар 1992-96 жылдары Хекметиярдын тобу тарабынан өлтүрүлдү делген адамдардын сүрөттөрүн көтөрүшүп, ооган өкмөтүнөн колбашчыны жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартууну талап кылышты.

Кезинде Хекметиярга баш ийген күчтөр “Кабулдун касапчылары” деген ат менен белгилүү болчу. Согуш учурунда адам укуктарын бузганы, миңдеген адамдардын өмүрүн кыйганы үчүн айыпталышкан.

Өкмөт менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, “Хизби-и-Ислами” тобу куралын таштап, козголоңун токтотууну убада кылган. Макулдашууда бул топтун согушкерлери эми өкмөттүк күчтөрдүн катарына кошула алары, абактардан чыгарыла турганы да көрсөтүлгөн.

Расмий Кабул согушкерлердин жолбашчысы менен түзгөн тынчтык келишимди Ооганстандын өзүнүн жана Батыштын адам укугун коргоочу уюмдары сынга алган. (UE)

XS
SM
MD
LG