Муну ишара кылган билдирүүлөр Сирияда коопсуздук зоналарын түзүү боюнча макулдашуу күчүнө кирердин алдында жасалды.
Астана сүйлөшүүлөрүндө Орусия, Түркия, Иран ортосунда жетишилген макулдашуу 6-майда Бишкек убактысы боюнча түңкү саат 3:00дөн тартып аткарыла башташы керек.
Пентагондун өкүлү Адриан Ранкин-Гэллоуэйдин айтымында, АКШ баштаган коалиция Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун буталарына ал кайсы жерде болгонуна карабай сокку урууну уланта берет.
Мунун алдында Орусиянын Сирия боюнча сүйлөшүүлөрүндөгү башкы өкүлү Александр Лаврентьев алгач Сириядагы коопсуздук зоналары АКШ баштаган коалициянын учактары үчүн жабык болорун билдирип, бирок кийин алар “атайын аймактарда” аракеттене аларын айткан. Анткен менен Орусия өкүлү “атайын аймактар” коопсуздук зоналарына кирер-кирбесин тактаган эмес. Сириядагы коопсуздук зоналарынан тыш аймактарда ИМ тобунун жана башка террордук делген уюмдардын буталарына сокку урууну улантарын Орусиянын Коргоо министрлиги да билдирүүдө.
Астанада жетишилген макулдашуу боюнча быйыл 4-июнга карата коопсуздук зоналары Сириянын борбордук, түндүк, түштүк бөлүктөрүндө түзүлүшү керек. Коопсуздук зоналары деп аныкталган жерлерде ок атышуу токтотулуп, алардын үстүнөн учууга тыюу салынып, гуманитардык жардам тез жеткирилүүсүнө, качкындардын кайтуусуна шарт түзүлүүсү зарыл.
АКШ жана БУУнун башкатчысы Антониу Гутерреш Сирия оппозициясы каршы чыккан Астана макулдашуусуна абдан этият мамилесин көргөзүштү.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө “АКШ Сирияда кыянатчылыктарды чындап басаңдатуучу, гуманитардык жардам тоскоолдуксуз келишине жол ачуучу, күчтү “Ислам мамлекети” жана башка террордук топторду жеңүүгө буруучу жана жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууга шарт түзүүчү кандай гана аракет болбосун колдой турганы” айтылат. Бирок билдирүүдө АКШда Астана макулдашуусу боюнча али тынчсыздануу бар экени, өзгөчө “Ирандын Сириядагы ишмердиги кыянатчылыктарды токтотпостон, кайра күчөткөнү, анын Башар Асаддын режимин айныксыз колдогону карапайым сириялыктардын азап тартуусун түбөлүккө калтырганы” да белгиленет.
Сириянын 2011-жылдан берки жарандык согушунда азыркыга чейин 400 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. (UE)