АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шеннон менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 8-майда Нью-Йоркто жолугуп, эки өлкө ортосундагы бир катар маселелерди талкуулашат. Азырынча кайсы маселелер боюнча сүйлөшүү жүрөрү так айтылган жок.
Байкоочулар жолугушууда Вашингтон менен Москванын ортосундагы келишпестик, анын ичинде Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу тууралуу сөз болорун белгилеп жатышат. Мындан сырткары АКШ Конгресси 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Орусиянын катыштыгы бар-жогун иликтөөнү улантууда.
Кошмо Штаттар менен Евробиримдик Москваны былтыркы президенттик шайлоого хакерлик жол менен кийлигишти деп айыптап келет. Өз кезегинде Орусия НАТОнун Чыгыш Европадагы таасирин күчөткөнүнө нааразылык билдирген. (КЕ)