Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Ван И кыргызстандыктардын виза алуу жана жүк ташуу маселесин талкуулашты.

Эки тараптуу сүйлөшүү Абдылдаевдин 5-майда Кытайга жасаган расмий сапарынын алкагында жүргөнүн ТИМден билдиришти.

Эки өлкө дипломаттарынын жолугушуусунда аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү жана эл аралык уюмдар менен биргеликте кызматташуу тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында 2018-2019-жылдары кызматташтыктын программасына кол коюшту.

Кытайга каттаган кыргызстандык ишкерлер менен жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары виза ала албай убара тартып жатканын айтышкан. Тышкы иштер министрлиги буга Кытай тараптын чет өлкөлүк жарандарга виза берүү тартибин катаалдантканы себеп болгонун белгилөөдө.

2016-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет мамлекеттик, анын ичинде кыргызстандык жарандарга да виза берүү тартибин катаалдаткан. Мурдагы убактарда Кыргызстандын жарандары Кытайга жеңилдетилген виза алышчу. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG