5-майда Орусиянын Чек ара башкармалыгы Украинанын желеги илинген катер 23-апрелде Орусиянын суудагы аймагына өтүп, бортто видео жана фото съемка жүргүзгөнүн билдирген.
Мурдараак Украинанын инфраструктура боюнча министрлиги өздөрүнүн машыгууда жүргөн куткаруучу катерин барымтага алууга аракет кылды деп Орусия тарапты айыптаган. Киевдин маалыматына караганда, орусиялык капитан катердин жээкке чыгуусун талап кылган. Бирок команда катер Украинанын аймагында турганын айтып баш тарткан.
Орусиянын чек арачылары аннексияланган Крымдын жээгинде Украинага таандык катерди барымтага алганга аракет кылган деген маалыматты төгүндөөдө. (КЕ)