Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн кийин жалпысынан 959 турак үй изилденди.
Жакенди, Шибээ, Кара-Тейит, Чулук, Карамык айылдарында жалпысынан 106 үй 1-категорияда, 201 үй 2-категория, 295 турак 3-катогрияда жабыркаган деп табылды.
Жарандык коргонуу комиссиясы бүгүн бул аймакта социалдык объекттердин абалын изилдөөдө.
3-май жана 5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келген. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда 7 баллга жеткен силкинүү болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 5-май күнү эле бул аймакта күчү 3-7 баллга жеткен жер силкинүү сегиз жолу катталды. (KE)