Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам эсеби ачылды


Кооптуу жайдагы ондогон тургундар көчүрүлүп, чатырларда жашап жатат.
Кооптуу жайдагы ондогон тургундар көчүрүлүп, чатырларда жашап жатат.

Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыкта жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар үчүн банкта атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркагандарга жардам берем дегендер үчүн:

Банктык эсеп: 4407012100009282
Ош райондук бөлүм: 701
Төлөмдүн түрү: 2100
ИНН 00103200110150

Чоң-Алайда жер титирөөдө жабыркагандар үчүн:

Банктык эсеп: 4407012100009383
Ош райондук бөлүм: 701
төлөмдүн түрү: 2100
ИНН 00103200110150

29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз адамдын сөөгү табылган. Кооптуу жайдан ондогон тургундар көчүрүлүп, чатырларда жашап жатат.

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келген. 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлдү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG