Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Өкмөт Дача-СУга бөлүнгөн акча тууралуу түшүндүрмө берди


6-майда өкмөт авиакырсык болгон "Манас" аба майданынын жанындагы Дача-СУ конушунда жабыркагандарга элден чогулган жардамдын бөлүштүрүлүшү тууралуу түшүндүрмө берди. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, жардам алгандардын жетөө берилген жардамдын эсебинен үй тандап алды. Ал эми документтери туура болбой, буга чейин албай калган жарандарга 10-майдан кийин жардам берилерин “Азаттыкка” билдирди.

-Дача-СУ жабыркаган айыл катары эсептелип жатат. Ошондуктан ал жакта жашаган 200дөн ашуун адамга жалпы суммасы 5 млн сом каралып, ал каражат таратылды. Документтери талапка жооп бербей, жардам албай калган жарандарга 10-майдан кийин дагы төлөнөт. Өкмөттүк комиссия учагы кыйроого учураган Түркиянын авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бир жыйынтык болуп, конкреттүү сумма аталса кенен маалымат берилет.

29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсебине түшкөн акчадан Дача-СУ конушунун жашоочуларына моралдык колдоо катары акчалай каражат бөлүштүрүлгөн. Конушта жашаган 232 адамга берилчү жардамга беш миллион сом каралган. ​Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.

16-январда учак кулаган жердин жанында жашагандардын айрымдары акчалай жардам салыштырмалуу аз берилип калды десе, кээ бирлерине болсо материалдык жардам тийген эмес. Нааразы болгондор ар кандай күдүк ойлор болбошу үчүн элден чогулган жардамдан ким канча акча алганы тууралуу тизме ачык жарыяланышы керектигин айтышкан.

16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Кырсыкта бир топ турак жай кыйраган жана 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч ажал тапкан.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG