Кыз ала качууга каршы Бишкекте өткөн иш-чарага 30га чукул адам автоунаалары менен катышты. Акцияга катышкан машиналарга ала качуу мыйзамга каршы келери жазылган плакаттар жармаштырылган. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына “Эркектер зомбулукка каршы” уюмунун башчысы Марат Алиаскаров билдирди.
- Эркектер дагы бул көйгөйгө кайдыгер карабайбыз, каршы турабыз деп, ала качуунун терс жактарын коомчулукка жеткирүү максатында ушул иш-чараны уюштурдук.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы кыз ала качуу боюнча 25 кылмыш иши козголгон. Кыргызстанда кыздын эркине койбой турмуш курууга мажбурлагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзамга 2012-жылы кол коюлган. Ага ылайык, кыз ала качууга катышкандар беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат. Укук коргоочулар ала качууга дуушар болуп, бирок милицияга кайрылбаган кыздардын саны расмий сандардан көп экенин белгилешет. (КЕ)