Путин менен Назарбаев кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн бардык жарандарын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 72 жылдыгы менен куттуктады. “Биздин ата-бабалар осуят кылып калтырган бир туугандык, достук жана өз ара жардамдашуу салттары мындан ары да орус-кыргыз биримдигине жана стратегиялык өнөктөштүгүнө кызмат кылат деп ишенем”, деп жазылган орус президентинин куттуктоосунда. Ошондой эле кыргызстандык ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирип, ден соолук, бакубат жашоо каалаган.
Ушундай эле куттуктоо катын Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да жөнөттү. “Бул күнү согуш талааларында жана эмгек майданында жеӊишке жол салгандарды эскеребиз. Биз ардагерлерибиздин алдында таазим этебиз, тилекке каршы, алардын катары жыл сайын азайып баратат. Аларга ар тараптан камкордук көрсөтүү - баарыбыздын парзыбыз”, деп жазылат казак өлкө башчысынын куттуктоосунда. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363 миңден ашуун адам катышкан. Алардын 130 миңи курман болгон. Расмий эсеп боюнча 56 миң адам дайынсыз жоголгон. Анын 1395и аялдар. (КЕ)