Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

Москвада оппозиция “Болотная” окуясын эскерди


6-майда орусиялык оппозиционерлер “Болотная” аянтындагы окуянын беш жылдыгына байланыштуу Москвада митинг өткөрүштү. Сахаров проспектисиндеги митингди уюштургандардын бири, Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Геннадий Гудков мэрия буга чейин алып койгон баннерди берүүдөн баш тартканын билдирди. Анда “Жетишет Путин, жетишет согуш, Кадыровго чыдам түгөндү” жана “Болотная иши – Орусиянын бетиндеги чиркөө!” деген жазуулар болгон. Митингде укук коргоочу Зоя Светова “Болотная иши” боюнча камалган саясий туткундарды бошотууну талап кылды.

2012-жылы президенттик шайлоодогу көз боёмочулуктарга, Владимир Путиндин кайра шайланышына каршы жүздөгөн адам "Болотная" аянтына нааразылык акциясына чыгышкан жана 6-майда ОМОН менен демонстранттар кагылышкан. Анда 400-700гө чейин адам кармалып, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, отуздай активист камалган. Алардын 14ү эркинен ажыратылган.

Эл аралык мунапыс укук коргоо уюму “Болотная иши” боюнча камалгандарды "абийир туткундары" деп тааныган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG