Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Ош: Кара-Кулжада жер көчкү жаракалары пайда болду


Жер көчкү активдешкен аймак, Кара-Кулжа, май, 2017
Жер көчкү активдешкен аймак, Кара-Кулжа, май, 2017

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылында жер көчкү жаракалары пайда болду. Анын узундугу 22 метр, туурасы 5 сантиметр, тереңдиги 1 метр экенин адистер белгилеп жатышат. Жер көчкү активдешкен аймактагы 11 үйгө кооптуу абал жаралган. Жарандык коргонуу комиссиясы жашоочуларды туугандарына көчүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам каза тапты.

Ал эми ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып отуруп, 30 үйдү басып топурак алдында калды. Бул жердеги жашоочулар алдын ала коопсуз жайга көчүрүлгөндүктөн киши өмүрүнө зыян келген эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG