Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Франция бүгүн жаңы президентин шайлайт


Эммануэл Макрон жана Марин Ле Пен.
Эммануэл Макрон жана Марин Ле Пен.

Бүгүн франциялыктар өлкөнүн лидерин тандашат. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында борборчул талапкер Эммануэл Макрон жана ашынган улутчулдардын лидери Марин Ле Пен ат салышат. Францияда биринчи жолу аял киши президенттикке талапкер болууда. Шайлоонун алдында 5-майда Макрондун шайлоо штабы хакерлердин чабуулуна кабылганын айтып чыкты. Франциянын азыркы президенти Франсуа Оланд шайлоо кампаниясы учурундагы хакерлердин аракеттери тыкыр иликтенет деп убада кылды.

Шайлоонун 23-апрелдеги биринчи айлампасында 11 талапкер ат салышып, шайлоочулардын 70% добуш берген. Шайлоо бекеттеринде сурамжылоо жүргүзгөн кызматтардын маалыматына караганда, Макрон добуштардын 24%, ал эми Ле Пен 22% ээ болгон.

Кесиби боюнча банкир, кыска убакыт Франсуа Олланддын экономика министри болуп иштеп кеткен 39 жаштагы Эммануэл Макрон өлкөнүн багытын өзгөрткөн кампания үчүн тарапкерлерине ыраазычылыгын билдирген. Улуттук фронттун лидери шайлоо жыйынтыгын “тарыхый” деп кубаттап, француз элин “карапайым адамдарды теңине албаган элитадан куткарарын” кайталаган эле. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG