Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:03

АКШнын Бостон шаарынын борборунда ондогон эммигранттар “Өлбөс полк” акциясына чыгышты. Бостондогу орус тилдүү жашоочулар социалдык тармактарда бул иш-чаранын жүрүшүн талкуулап, катышууну каалагандар Экинчи дүйнөлүк согушта кайтыш болгон туугандарынын сүрөтүн алып чыгуусу зарыл экени эскертилген. Жүрүшкө Arts Against Aggression укук коргоо тобунун мүчөлөрү да катышты.

Тажикстан буга чейин “Өлбөс полк” акциясын өткөрбөй турганын билдирген. Бийлик мындай чечимин коопсуздук жүйөсү жана “исламдын салттары көзү өткөн адамдардын сүрөтүн коомчулукка шардана кылууну колдобой турганы” менен түшүндүргөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш (1 сентябрь 1939 — 2 сентябрь 1945) - адамзат тарыхындагы эң ири согуш болгон. Ал согушка 61 мамлекет, ошол учурдагы жер шарынын калкынын 80% катышкан. Экинчи дүйнөлүк согушта 55 миллион киши курман болгон. Мурдагы 15 мамлекет кирген Советтер союзунан 27 миллион адам өлгөнү айтылып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG