Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:10

Атамбаев: Радио – жашообуздун эң маанилүү бөлүгү


"Азаттык" радиосунун жаңылыктарын обого чыгаруу учурунан бир көрүнүш.

Бүгүн, 7-май байланыш жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Ага байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев бул кесип ээлерин куттуктап, радионун бүгүнкү күндөгү ролу зор экенин белгилеген. “Радио байланышы пайда болгондон бери бир кылымдан ашык убакыт өтүп, жыл сайын маалымат жана байланыш технологиялары өркүндөп жатса да, радионун ар бирибиздин күнүмдүк жашообузда бекем орду бар. Бүгүн радио – жашообуздун эң маанилүү бөлүгү, анын жардамы аркылуу биз дүйнөдөгү, региондогу жана өлкөдөгү жаңылыктарды биринчи угабыз, тез чечимдерди кабыл алабыз, кырсыкка кабылган адамдарды сактоого шашабыз”, - деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

120 жыл мурда ушул күнү орус физиги Александр Попов радио ойлоп тапканы коомчулукка жарыяланган.

Кыргызстанда радио түйүндөрү 1927-жылы иштей баштаган, 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин алдында Радиокомитети уюштурулган. Бул дата Кыргыз телерадиосунун түптөлгөн күнү болуп эсептелет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG