Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

АКШ президенти Трамп Кыргызстанга көңүл айтты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясаты бөлүмү кабарлады. “Америка элинин атынан жер көчкүдө каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Бейкүнөө балдардын өлүмүнө алып келген трагедияга кайгырдык. Бул оор күндөрү биз Кыргызстан эли менен болобуз” деп жазылат телеграммада. Ошондой эле табият кырсыгына байланыштуу АКШ Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр экени белгиленген.

29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Көчкү астында калган сегиз кишинин сөөгү табылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG