Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Франция: Макрон менен Ле Пен добуш берди


Мари Ле Пен жана Эммануэл Макрон.
Мари Ле Пен жана Эммануэл Макрон.

Бүгүн Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Анда борборчул Эммануэл Макрон менен ашынган улутчул Мари Ле Пен ат салышууда. Шайлоо участоктору таңкы саат 8:00дө ачылды. Макрон аялы Брижит менен Ле-Туке курорттук шаарындагы мэриянын имаратына келип добуш берди. Ал өзүнүн тарапкерлеринин колун бекем кысып, алар менен уюлдук телефонго сүрөткө түштү. “Улуттук фронттун” лидери Ле Пен чакан Энен-Бомон шаарчасында добуш берди. Ал коопсуздуктан улам шайлоо участогуна шайлоочулары менен сүйлөшүп жөө басып келүүдөн баш тартты. Ал бир топ сакчылардын коштоосунда машина менен келди.

Добуш берүү жергиликтүү саат боюнча кечки 19:00дө аяктайт. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 11-майда жарыяланат. Бирок алдын ала маалыматтар ага чейин эле белгилүү болору айтылууда.

Францияда биринчи жолу аял киши президенттикке талапкер болууда. Шайлоонун 23-апрелдеги биринчи айлампасында 11 талапкер ат салышып, шайлоочулардын 70% добуш берген. Шайлоо бекеттеринде сурамжылоо жүргүзгөн кызматтардын маалыматына караганда, Макрон добуштардын 24%, ал эми Ле Пен 22% ээ болгон.

Кесиби боюнча банкир, кыска убакыт Франсуа Олланддын экономика министри болуп иштеп кеткен 39 жаштагы Эммануэл Макрон өлкөнүн багытын өзгөрткөн кампания үчүн тарапкерлерине ыраазычылыгын билдирген. Улуттук фронттун лидери шайлоо жыйынтыгын “тарыхый” деп кубаттап, француз элин “карапайым адамдарды теңине албаган элитадан куткарарын” кайталаган эле. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG