Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Киев Крымга барган журналисттерди “Евровидение” сынагына киргизбейт


Украина аннекцияланган Крымга бийликтин уруксаты жок барган орусиялык журналисттерди Киевде өтчү “Евровидение” сынагына киргизбейт. Бул тууралуу Украинанын депутаты Антон Геращенко “Орусия бүгүн” агенттигинин фотожурналисти Рамиль Ситдиковдун өлкөгө кирбей калышын комментарийлеп жатып билдирди.

Орусиянын атынан быйыл “Евровидение” сынагына тубаса майып Юлия Самойлова катышмак. Бирок Украинанын Коопсуздук кызматы ырчы 2015-жылы аннексияланган Крымдагы концертке катышып, мыйзамды бузган деп, өлкөгө үч жыл кирүүгө тыюу салган.

Европа телерадиоберүү бирикмеси жана “Евровидение” сынагынын уюштуруу комитети Самойловага Орусиядан туруп сынакка катышууну же Орусияга Киевге башка ырчыны жөнөтүүнү сунуштаган. Бирок орустар быйылкы сынакка катышуудан жана иш-чараны түз эфирде чагылдыруудан баш тарткан.

Европа телерадиоберүү бирикмесинин жана “Евровидение” сынагынын уюштуруу комитетинин төрагасы Франк-Дитер Фрайлинг сынактын жобосун бузганы үчүн Орусия менен Украинага чара колдонуларын билдирген.

Жобого ылайык, эреже бузган мамлекеттерге айыппул салынат же сынактан үч жылга чейин четтетилиши мүмкүн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG