Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Мамлекеттик департамент АКШга кирүү эрежесин катаалдантат


АКШ Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттарга иштегени же узак убакытка келүүнү каалгандар үчүн жаңы талаптарды киргизүүдө. Ага ылайык, виза алууну каалаган жарандар социалдык тармактардагы баракчасына беш жылдан бери жазгандарын текшертүүгө макулдугун бериши керек. Мындан сырткары электрондук адресин, телефон номерин берип, соңку 15 жыл ичинде жашаган жерин жана жумушун аташы зарыл. Жакын туугандарынын аттары менен туулган күндөрүн айтып бериши керек. Ошол эле кезде АКШга виза алуу үчүн арыз жазгандар социалдык тармактарга же жеке компьютерине кирүүдөгү паролун берүүгө милдеттүү эмес. Бирок бул аракеттер эске алынат. Мамдепартаменттин жаңы тартиби тобокелдик жогору болгон топторго, террористтик уюмдар ишмердүүлүгүн кенен жүргүзгөн өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп өлкө коопсуздугун чыңдоо үчүн иммиграциялык мыйзамдарды күчөтө турганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG