Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 15:31

Түндүк Корея мамлекетке каршы иш жүргүздү деген шек менен дагы бир америкалык жаранды кармаганын 7-майда билдирди.

Пхеньяндын илим жана технология университетинде иштеген Ким Хак Сонг 6-майда кармалганын жана учурда иликтөө жүрүп жатканын Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Учурда Ким Хак Сонгдон башка дагы үч АКШ жараны Түндүк Кореянын камактарында жатат. Алардын акыркысы апрель айында кармалган.

Бул камоолор Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык сыноолору боюнча Пхеньян менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп жаткан учурга туш келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG