Орусиялык оппозициячыл активист Алексей Навальный дарылануу үчүн Москвадан Барселонага учуп кетти. Бул тууралуу "Московский комсомолец" басылмасы 7-майда кабарлады. Life.ru сайты Навальный жана анын жубайы аэропортто жүргөнүн жарыялады. Оппозициячыл активист жана анын өкүлдөрү азырынча эч кандай комментарий берише элек.
Апрель айынын соңунда белгисиз адамдар Навальныйдын бетине зеленка чачып кетишип, натыйжада анын оң көзү химиялык күйүк алган. Бул окуядан көп өтпөй Навальныйга чет өлкөгө чыгууга паспорт берилген. Ал беш жылдан бери мындай укукка ээ боло албай келген.
Орусиянын Жаза аткаруу кызматы "Кировлес" ишиндеги сот өкүмүнө байланыштуу Навальный өлкөнүн чегинен чыга албастыгын билдирген. Бирок оппозициячыл саясатчы мындай чектөө жок экенин айткан.